Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 14 жаштагы уулу Эли Кадыров 3-ноябрда Грозныйда өткөн профессионалдык бокс боюнча "Time of Legends-7" турниринде атаандашын жеңип алды.
Видеодо көрүнгөндөй, Рамзан Кадыровдун уулунун атаандашы дээрлик коргонууда гана беттешип, чабуул жасаган эмес. Ал чабуул жасаса дагы ишенимсиз түрдө беттеш өткөргөн. Ал эми Эли Кадыров дээрлик коргонбой, атаандашына эч кандай кыйынчылыксыз соккуларды узаткан.
Жыйынтыгында беттештин үчүнчү бөлүгүндө калыс беттешти токтотуп, Эли Кадыров техникалык нокаут менен жеңишке жетти.
Рамзан Кадыровдун уулунун бул жеңиши интернет айдыңында кызуу талкууга алынууда. Көпчүлүгү бул спорт эмес экендигин белгилешүүдө.
Апрель айында дагы Рамзан Кадыровдун 13 жаштагы уулу Адам Кадыров Грозный шаарында өткөн бокс боюнча мелдеште талаштуу жеңишке жетишкен. Анда беттештин калысы нокдаун болбосо дагы Кадыровдун уулуна жеңишти ыйгарган.