Москва шаарында 15 жаштагы мектеп окуучусу кош бойлуу экенин ооруканада текшерүүдөн өтүп жатып билди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, 15 жаштагы Алинанын текшерүүдө 16-17 жумалык боюнда бар экенин аныкталган. Кыз дарыгерлерге алты ай мурун уул төрөгөндүгүн айткан. Дарыгерлер жашы жете элек эне биринчи төрөттөн эки айдан кийин кош бойлуу болгонун аныкташып, дароо полицияга кабарлаган.
Укук коргоо органдары кыз баласынын атасы менен урушуп кеткендигин аныкташкан. Ал эми кыздын боюндагы учурдагы баланын атасы 26 жаштагы жаран экени аныкталган. Ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыр мектеп окуучусу апасы жана агасы, ошондой эле кичинекей уулу менен жашайт.