Кыргыз-казак достугун даңазалаган Баян Сыдыкова менен Гүлмира Избасханованын концерти

Кечээ, 4-ноябрда борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз эстрада ырчысы Баян Сыдыкова менен казактандык ырчы Гүлмира Избасханованын концерти болуп өттү.
"Кыргыз-Казак бир тууган" аталышындагы шоу-концертке кыргыз маданият өкүлдөрүнөн Кыргыз Республикасынын Эл артисти Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева жана башка кыргыз эстрада ырчылары келип, достукту даңазалаган чыгармаларын аткарышты. Ошондой эле куудул Назира Жетигенова күлкүлүү номерлери менен элге жакшы маанай тартуулады.
Күтүлбөгөн кызыктарга бай концертте интернет айдыңында кызы менен бирдей популярдуулукка ээ болгон Гүлмира Избасханованын апасы дагы келип, сахнада кызы менен бирге тик-ток бийлеп күйөрмандардын кол чабуусуна арзыды. Ошондой эле Баян Сыдыкова дагы сахнадан кайненесине ыраазычылыгын билдиргени дагы көп адамдын жүрөгүн жылытты.

Баян менен Гүлмиранын достук концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
heaven2016
2021-11-05 15:31:10
Канча адам барды
+1
Margo82
2021-11-05 17:59:47
Гулмира кыз десен кыз эмес ,эркек десен эркек эмес.манералары да озунчоле уркутот го.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан