БШК: "Кудрет Тайчабаров шайлоо эрежесин бузду"

Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров шайлоо эрежесин бузду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

"К.Тайчабаровго карата шайлоо алдындагы үгүттөө жүргүзүү эрежелерин жана тартибин бузгандыгы үчүн мыйзамга ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн президенттик администрациясына материалдарды жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды", - деп билдиришти БШКдан.

БШКнын билдиришинче, Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо дайындалган күндөн тартып, башкача айтканда, 2021-жылдын 29-августунан 4-ноябрына чейин шайлоо процессинин бузулушу боюнча 34 кайрылуу келип түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-11-05 14:55:00
Креслодон шыпырып салыш керек,журо берсин бездельник болуп,угут ишин жургузуп!
0
islan_85
2021-11-06 12:41:29
Бул бир киного тартылган бала эмеспи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан