Чүй РИИБине 23 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын 30-сентябрында анын ак түстөгү Тайота үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирип, аларга мыйзам түрүндө чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө криминалдык милиция кызматкерлери жана Чүй РИИБинин кызматкерлери шектүү жаранды кармашкан.
Шектүү Б.Э. 1993-жылы туулган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүү унааны башка жаранга сатып жиберген. Учурда сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.