Бул жолу рулдагы жылдыз долбоорубуздун каарманы көпчүлүккө "Боз салкын" киносундагы Мураттын образында таанылган ырчы, обончу, актёр Съездбек Искеналиев болду. Аны менен маектешип, жакында эле чыккан "Ата" аттуу ыры кантип жазылганы, бул чыгарманы ырдап чыгуусуна эмне түрткү болгону туурасында сүйлөштүк.
"Селкиге" деген ырымдын артынан "Боз салкын" тасмасына тартылдым. Ошондо алгачкы жолу унаа айдап көрдүм десем болот. Ал эми жакында эле сөзү Мелис Карыбековго, обону өзүмө таандык "Ата" деген чыгармам жарык көрдү. Бул ыр менен ичимдеги болгон нерсемди сыртка чыгарып алдым десем болот. Ыр чыккандан кийин көпчүлүк жакшы сөздөрүн айтып мени кубандырды", - дейт Съездбек Искеналиев.