Бүгүн, 5-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров шайлоо эрежесин бузгандыгын билдирип, президенттик администрацияга материалдарды жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алгандыгын билдирген.
Мындан улам SUPER.KG порталы бул боюнча Кудрет Тайчабаровдун өзүнө байланышты. Анын айтымында, БШК мыйзамды билбей туруп чечим кабыл алган.
"БШК социалдык тармактагы пост үчүн мыйзам бузду деди. Мен буга такыр макул эмесмин. Бул менин жеке баракчам жана мен эч кимге үгүт жасабай эле өз карындашыма ийгилик кааладым. Анын үстүнө мен жумушта эмес, 20-октябрдан 30-октябрга чейин ооруканада жаттым. Жумуш учурунда эч кандай агитация болгон эмес. Мага бул беренени койгон да туура эмес. Бизге мамлекеттик деңгээлдеги стаж кетпейт. Биз бюджеттен акча албайбыз. Биз мамлекеттик кызматкерлердин реестринде жокпуз. БШК өзү мыйзамды толук билбей туруп мындай чечим кабыл алганы туура эмес.
Бул боюнча жогору жак чечим кабыл алат. Алар БШКнын катасын кайталабайт деп ойлойм", - деди Тайчабаров.