"Студенттерди алдап, буйрук менен митингге алып келишкен". Ош мамлекеттик университетинин айрым мугалимдерине айып салынды

4-ноябрда Ош шаарынын борбордук аянтына "Азаттык" партиясы тарабынан Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин студенттери өз эркинен сырткары үгүт иштери үчүн митингге алып келингендиги тууралуу маалыматтар жарык көргөн.
Бул маалыматты текшерүү үчүн митингге катышкан студенттер менен мугалимдер Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алып келинди. Анда мугалимдер административдик ресурсту пайдаланып, 18 жашка толо элек студенттерди алдоо жолу жана буйрук менен мыйзамсыз аянтка митингге алып келгени белгилүү болду дешет Ош ШИИБинен.
"Студенттердин баары 18ге толо элек, паспорт ала электиги анык. Алар өз көрсөтмөлөрүндө айрым окутуучулары "экскурсияга барабыз" деп алдап, Ош шаарынын борбордук аянтына "Азаттык" партиясынын митингине алып келгендигин айтышып, мугалимдерине карата көрсөтмө беришти. Жалпысынан 8 мугалим, 15 студент суралды. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуу жайдын мугалимдери өз студенттерин буйрук жана алдоо жолу менен борбордук аянтка алып келгендиги аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жоруктар кодексинин 87-1 беренесинин 2-бөлүгүнүн ("административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу") белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери аяктап калды. Жакынкы күндөрү соттук кароого берилет", - деп айтылат мекеменин маалыматында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-05 19:18:47
Соттун чечим чыккыча ошол мугалимдерди иштен четтетип туруш керек
+5
Bishkek-Kg
2021-11-05 19:46:20
Ыдырыс журналист йутубка тартып, ачык эле көрсөтүп далилдедиго студенттерди аянтка алып келгенин.
+6
nazira...
2021-11-05 19:53:42
Азаттыкта кайсы кыйын болот ошондо, ушуну ойлоп тапкан ким экен дегеним да.
+3
Nursul
2021-11-06 14:34:53
Иштен алып, чоң өлчөмдөгү айып салышса болмок, болбосо кайра эле кайталанат бул.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан