14-16-ноябрь күндөрү Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда “Чыңгыз Айтматов жана Ысык-Көл форуму” деген аталыштагы эл аралык жыйын өтөт

14-ноябрдан 16-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Чыңгыз Айтматов жана Ысык-Көл форуму: маданияттардын диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу” деген аталыштагы эл аралык форум өтөт. Бул тууралу бүгүн, 12-ноябрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев билдирет.

                      

Маалыматтарга караганда форумга дүйнөнүн Түркия, АКШ, Иран, Орусия өңдүү бир катар өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышышат. “Форумда дүйнөдө болуп жаткан орчундуу маселелер боюнча талкуулар болот. Ал талкуулардын бардыгы Айтматовдун чыгармаларынын контекстинин негизинде жүрөт”,- деди Султан Раев.

Ошондой эле  министр форумду Түркиянын TRT каналы  түз алып көрсөтө турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан