16 тонна тамекини Кыргыз өлкөсүнө аткезчилик жол менен алып кирүү аракетине бөгөт коюлду

Кыргыз өлкөсүнө 16 тонна тамекини алып кирүү аракетине Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан бөгөт коюлду. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, бүгүн, 5-ноябрда "Достук" өткөрүү пунктунан транспорт каражаты токтотулган.

"Өзбекстандан Кыргыз Республикасынын резиденти ЖЧК “А” дарегине бара жаткан унаа кармалды. Автотранспортту текшерген учурда жүк салынуучу жеринде ири көлөмдө "PLATINUM SEVEN" маркасындагы филтри менен тамеки табылган. Ал эми товардын коштоочу документинде 16 000 килограмм “токулбаган кездеме” көрсөтүлгөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп кабарлашат Бажы кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
joke81kg
2021-11-05 17:48:23
Болгонумча болуп калайын деген экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан