Түндүк Кореяда балдарды бир катар предметтерге окуткан жасалма интеллектке ээ робот жасалды

Түндүк Кореядагы Пхеньян университетинде балдарды англис тилине, математика жана музыка сабактарына үйрөткөн робот жасалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өлкө лидери Ким Чен Ын акыркы жылдары билим берүү системин реформалоого басым жасап, билим берүүнүн технологиялык жана илимий инновациялык багытына көңүл буруп жаткандыгы айтылат маалыматта.

Пхеньян университетинин профессору Пак Кум Хи роботту жасоодо алгач бир катар көйгөйлөр болгонун айткан.

"Башында роботко корей жана англис тилинде суроо бергенде башын чайкап жооп бербей калган учурлар болду. Бирок лидер Ким Чен Ындын билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуунун маанилүүлүгү тууралуу айткан сөздөрү бизге дем-күч берип, роботту ишке киргиздик", - деген профессор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан