AirPods өңдүү зымсыз кулакчындарды чегинен ашык колдонуу мээге терс таасирин тийгизип, организмде рак клеткаларынын өрчүшүнө алып келет. Бул тууралуу окумуштуулардын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, AirPods жана башка Bluetooth түзүмү менен иштеген кулакчындардан чыккан электро-магниттик нурлар мээ клеткаларына олуттуу таасир берет. Ошондой эле угууну начарлатып, көптөгөн онкологиялык ооруларга жол ачышы мүмкүн.
"Өзгөчө кош бойлуу учурда көп колдонуу жаңы төрөлгөн ымыркайда гиперактивдүүлүктүн жетишсиздиги жана айланада болуп жаткан нерселерге маани бербөө сыяктуу терс жагдайларды жаратышы ыктымал.
Окумуштуулар зымсыз кулакчындар башка жабдыктарга караганда (мисалы телефон) азыраак радиация чыгарарын белгилейт. Анткен менен организмге тийгизген терс таасир коркунучу ар дайым сакталып турарын кошумчалашат", - деп айтылат басылмаларда.
Кулакчындарды жана башка жабдыктарды туура колдонуу организмде пайда болуучу бир катар көйгөйлөрдүн алдын алат. Ал үчүн жөнөкөй эрежелерди адистер сунуштайт:
* Смартфонду ар дайым өзүңүздөн 30 сантиметр алыс кармооңуз керек;
* Эгер телефондо узак убакыт сүйлөшө турган болсоңуз анда кулакка такабастан үнүн сыртка чыгарып сүйлөшкөнүңүз жакшы;
* Мобилдик телефонду сигнал жакшы учурда гана колдонуңуз. Сигнал начар кезде телефондо нурлануу жогору болот;
* Bluetooth түзмөгү менен иштөөчү жабдыктарды ишеничтүү өндүрүүчүлөрдөн гана сатып алыңыз;
* AirPods өңдүү зымсыз кулакчындарды бир күн кечке колдонуу жакшы эмес. Эгер үйдө музыка уксаңыз анда телефондун өзүнөн гана укканыңыз жакшы;
* Зымсыз кулакчындарды таккан бойдон уктабаңыз;
* Зымсыз кулакчындарды жөн гана тагып жүрүү да организм үчүн кооптуу болуп саналат.