"2011-жылдан бери эң жогорку баа быйыл катталды". Дүйнөдө азык-түлүктүн баасы кымбаттады

Азык-түлүктүн дүйнөлүк баасы акыркы 10 жылдын ичинде болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жетти. Бул тууралуу Дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Азык-түлүктүн баасынын ай сайын өзгөрүүсүнө байкоо салган дүйнөлүк уюмдун маалыматына караганда, 2011-жылдын июль айынан бери эң жогорку баа быйыл катталды.

"Керектелүүчү азыктардын ичинен өзгөчө өсүмдүк майына болгон баа кескин түрдө жогорулаган. Тактап айтканда, бир айда эле майдын наркы 9,6 пайызга көтөрүлүп рекорддук чекке жеткен.

Мындан тышкары сүт азыктарына болгон баа 2,6 пайызга жогорулаган.

Уюм азык-түлүктөргө болгон баанын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары Канада, АКШ жана Орусиядагы түшүмдүүлүктүн төмөндөшүн белгилеген. Ошондой эле пандемия учурундагы заводдордун жабылышы, экономикалык кризис сыяктуу жагдайлар да негизги себеп катары көрсөтүлгөн.

Ал эми эттин баасы дүйнөлүк базарда 0,7 пайызга төмөндөгөнү маалым болду. Муну менен бирге кумшекерге болгон баа дагы акыркы 6 айдан бери биринчи жолу 1,8 пайызга арзандаган", - деп жазышат ачык булактар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан