Бишкек шаарында унааларын чимирилте айдап, жол эрежесин бузган эки айдоочуга 7 жарым миң сомдон айып пул салынды. Шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан белгилешкендей, алар эс алуу багынын айланасында унааларын чимирилтип айдашкан.
"Бул факты Бузуулар кодексинин 124-беренесинин негизинде протоколдор толтурулуп, унаалар атайын айып короосуна токтотулду. Ал эми эки айдоочуга тең 7500 сомдон айып пул салынды", - дешет мекемеден.