Жалал-Абадда киши уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы кабарланган. Бүгүн, 6-ноябрда шектүүнүн баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.
Бул туурасында аталган облустун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, 20-сентябрда Сузак районунун 60 жаштагы тургуну милиция бөлүмүнө телефон чалган. Анда 1983-жылы туулган С.Д. аттуу уулун белгисиз адамдар жашыл түстөгү Мерседес үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып кетишкендигин маалымдаган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 170-берененин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турган, мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун 26 жаштагы тургуну кармалганы кабарланган.