Бишкекти кайрадан калың түтүн каптады. Бул туурасында окурман сүрөттөр менен бөлүшүп, Бишкек ЖЭБинин бийик түтүгү ыштан көрүнбөй калганын айтты.
Сүрөттөн көрүнүп тургандай, ыш шаардын төмөнкү аймактарындагы бийик имараттарды дагы каптаган.
Өлкөдө суук түшкөн мезгилден тарта түтүн маселеси жаралат, бирок бул көйгөйдү чечүү же четтетүү азырынча бир жолго салына элек.