Орусияда ата менен балага кол салган шектүүлөр кармалды (видео)

Орусияда ата, балага кол салганга шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ата менен балага кол салган шектүүлөр кармалып, аларга "Бейбаштык" беренеси менен иш козголду. Кармалгандар Орус жарандары болушкан жана алардын 21, 19 жана 18 жаштагы бир туугандардан экендиги маалым болду.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин социалдык тармактарга уулу менен сейилдеп жүргөн атага төрт жарандын кол салгандыгы боюнча видео тараган.

Жабырлануучунун айтымында, кол салгандардын бири төрт жаштагы баласын жаакка чапкан.

"Мен баламды жана өзүмдү коргоо иретинде кол салгандарга жекеме-жеке мушташууну айттым. Бирок ага болбой эле мени сабап салышты", - деп айткан жабырлануучу.

Ал эми кол салгандардын биринде бычак болгону айтылууда.

Окуяга шектелип кармалгандардын бири жабырлануучунун биринчи кол салганын айтып чыккан.

Шектүүлөрдүн ата менен балага кол салгандагы учуру
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
CAPATAH
2021-11-06 19:14:50
Конечно не по мужественно,но тебе что Айпери? Они русские, а ты .албанушка?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан