Бишкекте 12 жаштагы кызды тоноп кетти. Шектүү кылмыш изи сууй электе колго түшүрүлдү
Бишкекте түн ичинде 12 жаштагы кыздын телефонун, акчасын тартып алганга шектүү кармалды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан маалымдашат.
6-ноябрда болжол менен саат 02:30 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө тоноо боюнча маалымат келип түшкөн.
"Кайрылуу боюнча маалымат такталып, анда 1987-жылы туулган А.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал болжол менен саат 02:30 чамасында Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 2009-жылы туулган Д.Э. аттуу кызынын Redmi Note 7 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 1700 сом акчасын белгисиз жаран ачык түрдө тартып алып, качканга аракет кылган деген.
Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 1998-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаранды кармашып, тергөө кызматына өткөрүп беришти", - деп айтылат.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене (тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Автор: Бактыгүл МомбековаФото: Милициянын кайгуул кызматы