Бразилияда "Грэмми" сыйлыгынын лауреаты, ырчы Марилия Мендонса учак кырсыгынан каза болду

Бразилиялык 26 жаштагы ырчы Марилия Мендонса Минас-Жейрас штатында учак кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учак Пьедаде-де-Каратинга айылындагы дарыяга кулап түшүп, андан ырчы Марилия Мендонса, анын агасы, продюссери жана эки учкуч каза болгон.

Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, ырчы Марилия Мендонса 2019-жылы "Грэмми Латино" сыйлыгынын лауреаты болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан