Өзбекстанда 24-октябрда болуп өткөн президенттик шайлоодон 80,12 пайыз добуш алып утуп чыккан Шавкат Мирзийоев салтанаттуу ант берип, президенттик кызматына киришти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Өлкө башчынын инаугурация салтанатына парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталарынын жана өкмөттүн мүчөлөрү катышкан.
"Мени кайрадан өлкө башчысы кылып шайлаган бардык мекендештериме чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем жана биздин эмгекчил, сабырдуу элибизге таазим кылам", - деген өлкө президенти.
Эске салсак, коңшу өлкөдөгү президенттик шайлоо 24-октябрда өткөрүлгөн. Ага шайлоочулардын 80,8 пайызы катышкан. Ал эми Шавхат Мирзийоев жалпы шайлоочулардын 80,12% добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен.