Америкалык журнал 2021-жылдын "Эң сексуалдуу мырзасын" аныктады

Америкалык актёр Крис Эванс "People" журналынын 2021-жылдагы талдоосуна ылайык, "Жылдын эң сексуалдуу мырзасы" деп табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул наамды Крис Эванс "Өч алуучулар" тасмасындагы Капитан Американын ролу үчүн алган.

Белгилүү болгондой, былтыр актёр интимдик сүрөт жаңжалынан улам сыйлык албай калган. Тагыраагы, Крис Эванстын интимдик мүнөздөгү сүрөттөрү анын Инстаграм баракчасына жарыяланган. Ал эми актёр бул нерсени хакерлик чабуул болгону менен түшүндүргөн. Сүрөттү ким жана эмне үчүн таратканы азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, өткөн жылы "Жылдын эң сексуалдуу мырзасы" наамын белгилүү америкалык актёр Майкл Жордан алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhaynak
2021-11-07 01:11:56
Не дейбиз эми. Крис брат ийгилик. Мындан да сексуалдуу болуп журо бер.
0
Esen8891
2021-11-07 04:53:38
Менин фигурамдын жанында Кристики отдыхает го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан