Испания өлкөсүндө сегиз жылдан бери кыздарын жана жээндерин үйүндө камап жүргөн жаран кармалганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Испания өлкөсүндөгү турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөткөн бейөкмөт уюмдун өкүлү алар жардам берип жаткан үй-бүлөлөрдүн биринде төрт кыздын "толугу менен эркекке баш ийип" жашап жатканын айтып полицияга кайрылган. Тергөө иштеринин жыйынтыгында шектүүнүн 2014-жылы өзүнүн эки кызын жана эки жээнин аялы менен эжесинин уруксаты жок Йеменден алып чыгып кеткени маалым болгон. Алар бул жылдар аралыгында Малайзия, Түштүк Корея, Индонезия, Эквадор, Колумбия жана Түркияда жашап, күн өткөрүп келишкен. Ал эми 2020-жылдын март айында Испаниянын Мурсия шаарына көчүп барышкан. Кыздардын бири жана бир жээни өспүрүм куракта экени белгилүү болгон.
"Батирди текшерүү учурунда тамак-аш эркектин бөлмөсүндө сакталып, аны өзү каалаган учурда гана кыздарга бергени маалым болду. Кыздардын баары өтө арык болушкан.
Ал эми турак-жайдан тинтүү учурунда 5 миң евро жана 2 миң 500 доллар табылган. Батирдин терезелери караңгылатылып, өтө начар абалда болгон.
Испания бийлиги кыздардын апаларын таап, байланышканда энелер акыркы сегиз жылдан бери кыздары тууралуу эч нерсе билбегенин айткан. Кармалган шектүүнүн үстүнөн тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.