Германиянын Бавария аймагында поезддеги кол салуудан улам үч адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Регенсбург жана Нюрнберг шаарларынын ортосунда жүргүнчү ташыган поездде белгисиз адамдардын бычак менен кол салуусунан улам үч адам жабыркады. Кылмышка шектүү 27 жаштагы араб улутундагы жаран экендиги айтылууда.
"Шектүүнүн колунда бычак болгон. Күбөлөрдүн айтымында, ал поездде өзүн туура эмес алып жүргөн. Шектүү психологиялык жактан жабыркашы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.
Поезд Зойберсдорф станциясында токтотулуп, ичиндеги 300гө жакын адам поездден эвакуацияланган.