Отвёртка менен коркутуп, буюмдарын тартып алышкан. Бишкекте карактоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте каракчылык кылганга шектүү балдар колго түшүрүлдү. Алар көчөдөн бара жаткан өспүрүмдү отвёртка менен коркутуп, буюмдарын тартып алган деп кабарлашат Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан.
Белгилүү болгондой, карактоо фактысы 3-ноябрда 7-Апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Анда 2004-жылы туулган Д.Э. аттуу өспүрүмгө аталган аймактан белгисиз адамдар күч колдонуп, отвёртка менен коркутууга алып, Iphone11 телефонун (50 миң сом), Casio кол саатын (3 миң сом) жана сырткы кийимдерин тартып алышкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1997-жылы туулган С.У., 2002-жылы туулган Д.А. аттуу жарандар кармалды. Учурда шектүүлөрдүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан