Ош облустук балдар ооруканасында бейтаптардын көптүгүнөн орундар жетишсиз болуп, эне, баланын полдо жаткан сүрөтү жарыяланган. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен шаардык балдар ооруканасынан 60 орун бөлүндү.
"Сезондук курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооругандардын көбөйүшүнө байланыштуу облустун райондорунан Ош облустук балдар ооруканасына кайрылган бейтаптардын саны көбөйгөн. Мындан улам шаардык балдар ооруканасынан орундар бөлүндү", - дешет Ош шаардык мэриясынан.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэринин мурдагы басма сөз катчысы Азамат Абсатаров облустук балдар ооруканасында орундар жетишсиз болуп, эне, балдардын полдо жатканын, дарыгерлер баарын карап жетишип жатканын белгилеген.