Американын Техас штатында Рэпер Травис Скоттун музыкалык фестивалы учурундагы массалык тыгында күзөтчүнүн моюнуна ийне сайылган. Бул тууралуу Хьюстон полициясынын билдирүүсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, фестивалдагы тыгында күзөтчү жаранды кармап калууга аракет кылган жана ал моюнуна бир нерсе сайылганын сезген. Дарыгерлер эсин жоготкон күзөтчүнү текшерип, ага антидот налоксон (апийимдердин ашыкча дозасы) сайылганын билдиришкен.
Өз кезегинде Хьюстон шаарынын мэри Сильвестр Тернер окуяны "ар кандай деңгээлдеги трагедия" деп атады. Ошондой эле каза болгондор 14 жаштан 27 жашка чейинкилер экенин тактады.
Ал эми рэпер Травис Скот Хьюстон полициясы менен окуяны иликтөөдө толук кызматташып жатканын билдирген.
Белгилей кетсек, "Astroworld" музыкалык фестивалына 50 миң адам катышып, андагы тыгындын кесепетинен 8 адам каза болгон жана 300дөй адам жаракат алган.
Америкалык рэпер Травис Скотт тарабынан уюштурулган биринчи жылдык "Astroworld" фестивалы 2018-жылы өткөн. Быйыл фестиваль 5-6-ноябрга белгиленип, бирок трагедиядан кийин иш-чаранын экинчи күнү өтпөй калган.