Бүгүн, 7-ноябрда Бишкектеги айланма жолдо кичи автобус менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Анда 2 адам каза болуп, 10дон ашык жаран ооруканага жеткирилгенин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашкан.
Азыркы саатка карата башкармалык автокырсыктын жаңы жагдайы боюнча маалымат жасады.
"Кырсыктын кесепетинен 1 адам көз жумду. Маркум жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын айдоочусу, 27 жашта болгон. Андан тышкары 18 адам ар кандай жаракаттарды алышып, Чүй облустук ооруканасына кайрылышты", - дешти басма сөз кызматынан.