Бүгүн, 7-ноябрь Бишкек шаарына күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугуна катышкан Айпери Медет кызы, Назира Марсбек кызы жана башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков келишти.
Курама команда мүчөлөрүн "Манас" эл аралык аэропортунда Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Нурлан Исмаилов, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын улук машыктыруучусу Байгазы Кенжебаев, Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова жана башка спортчулардын жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-ноябрда Белград шаарында (Сербия) старт алган.