Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова бүгүн, 7-ноябрда 36 жашка толду. Ал бул ирет туулган күнүн "өзгөчө" өткөрүп жатканын айтат. Тагыраагы, Назира айым ооруканада жатканын, жанында апасы, уулу бар экенин билдирди.
"Быйыл 36 жашка чыктым, мүчөлүү жашым. Буга чейин "ушул туулган күнүмдү өзгөчө өткөрбөсөмбү?!” деп сайрагам. Кудай берди окшойт тилекти (күлүп). Азыр жанымда апам, балам бар. Үчөөбүз белгилеп жатабыз", - деди ал.
Ал эми ден соолугу тууралуу сураганыбызда Назира Айтбекова аллергиялык астмасы бар экенин айтат.
"Бул илдет мурдатан эле бар болчу. Бир аз сыркоолоп калгам, чала-була дарыланып жүрө бердим. Көр оокат деп суукта съёмкаларда, тоо-таштарда жүрүп суук өтүшүп, дене табым жогорулап калганда гана жакындарым ооруканага алып келип жаткырышты. Бүгүн дарыланып жатканыма 7 күн болду. Азыр абалым жакшы, дене табым калыбына келди. Аллергиялык астма жүрөккө берет, жүрөгүмдү текшерүүдөн өткөрүштү, жыйынтыгы күтүлүүдө. 2-3 күндө ооруканадан чыгып калам", - дейт Назира айым.
Назира Айтбекова 1985-жылы 7-ноябрда Аламүдүн районунда туулган.
1992-1994-жылдары Балыкчы шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №10 мектепте, 1994-1997-жылдары Саякбай Каралаев атындагы мектепте, 1997-2002-жылдары Ленин атындагы гимназияда билим алган. Андан кийин эл аралык "Ата түрк Ала-Тоо" университетинин филология факультетин аяктаган.
Иш тажрыйбасын 2005-жылы "Хит Парад" программасында алып баруу менен баштаган. Андан кийин "Ала-Тоо" маалымат программасында журналист, диктор, "Браво" теледолбоорунда алып баруучу, Коомдук телерадиокорпорациясындагы "Замана", "Аалам сырлары", "Алтынчы күнү кечинде" телеберүүлөрүндө эмгектенген. Мындан тышкары Түркиянын "ТРТ Аваз" телерадиокомпаниясынын айрым долбоорлорунда иштеген.
Бир катар иш-чараларды алып барган. Ошондой эле "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием 1-2", "Көк-Салкын 1-2" жана башка тасмаларга, "Эл эмне дейт " скетч-шоусунда роль аткарган.
Учурда бир уулдун энеси. 7-ноябрдан жылнаамасы.