Бүгүн, 7-ноябрда Бишкек шаарындагы "Ак-Тилек" желим чыгаруучу заводдон өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт чектөөгө алынганын, толук өчүрүү иштери улантылып жатканын кабарлады. Ошондой эле министрликтин маалымат кызматынан өрт жалмаган имараттын бийиктиктен тартылган видеосун жарыялады.