Казакстандын Актау шаарында кафе жарылды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 7-ноябрь күнү саат 22:25те болгон.
"Жабыркагандар жок. Жарылуу болгон учурда кафеде кызматкерлер жана коноктор болгон эмес. Жарылуу газ баллондон улам келип чыкканы айтылууда", - деп жазылат маалыматта.