"Жылына 2 миллиметр сууга чөгүп". Дүйнөдө 2030-жылга чейин суу астында кала турган алты шаар аталды

"India Times" гезити глобалдык жылуулуктан улам 2030-жылга чейин суу астында калышы мүмкүн болгон дүйнөдөгү шаарлардын тизмесин түздү.

Тизме климатты изилдөөчү "Climate Central" уюмунун картасынан алынган маалыматтарга негизделген. Андагы маалыматта коркунуч Амстердам, Басра, Жаңы Орлеан, Венеция, Хошимин жана Калькутта сыяктуу ири шаарларында.

Ирактын Басра порту Перс булуңуна куйган Шатт аль-Араб дарыясынын жээгинде жайгашкан. Шаар саздак жерде жайгашкандыктан, он жылдыктын аягында жарым-жартылай же толугу менен суу астында калышы мүмкүн.

Нидерландынын борбору Амстердам шаары - нидерландылыктар суу ташкынынан коргоо илимин жакшы өздөштүрүшкөнү менен бул шаар глобалдык жылуулуктун жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнүн башында турат.

Жаңы Орлеан - АКШнын бул шаарында суу ташкынынан коргогон атайын дамбалар курулган. Бирок ага карабастан жергиликтүү бийлик кийинки он жылдыкты көрүү үчүн дагы көп иштерди жасашы керек.

Адриатика деңизиндеги 118 аралда жайгашкан Венеция шаары жылына эки миллиметр сууга чөгүп турат. "Эгер сиз Венеция архитектурасынын бардык кооздугуна жана көркүнө күбө болгуңуз келсе, аны суу каптап кете электе, жакынкы арада көрүп калганыңыз оң", - деп кеңеш берет басылма.

Меконг дарыясына жакын Вьетнамдын чыгышындагы Хошимин шаары дагы суу астында калуу коркунучунда. Шаар аман калган күндө да бат-баттан бороон-чапкын болуп, сел жүрүп, ал жерде жашоо кооптуу болот.

Аянты боюнча экинчи жана калкынын саны боюнча төртүнчү орунда турган Индиянын Калькутта шаарын дагы 2030-жылга чейин суу каптап кетиши мүмкүн. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу бул ири шаарды акыркы мезгилдерде катуу суу каптоодо.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан