Баткенде өзбек жарандары менен болгон жаңжалда кыргыз чек арачысы жаракат алды

12-ноябрда Баткен облусунда чек арачылар менен Өзбекстандын жарандарынын ортосунда чатак чыгып, бир кыргыз чек арачысы жаракат алды.  

КРнын Чек ара кызматы билдиргендей, Баткен районунун Вариган аймагында чек арачылар кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерден Дамас автоунаасын байкашып, (ал унаага жүктөлгөн пахта ошол жердеги кыргызстандык жарандын үйүнө түшүрүлгөн), аткезчиликке жол бербөө үчүн унаанын ээсин “Бел” чек ара бекетине алып барышты.

 

Бирок жолдо бара жатып өзбекстандык жаран унаасын чукул буруп, Өзбекстандын аймагына кире качкан. Чек арачы менен өзбек жаранынын ортосунда мушташ чыгып, окуянын күбөлөрү – чек арага чектеш жердеги Өзбекстандын тургундары күч колдонуу менен Кыргызстандын чек арачысынын куралын тартып алышкан.

 

Арттан жетип келген кыргыз чек арачылары бир нече эскертүү иретинде ок чыгарып, кесиптешин топтун арасынан алып чыгып, Айдаркендеги ооруканага жеткириптир. Учурда анын абалы канааттандырарлык.

 

Окуядан соң Баткен чек ара отрядынын жана Баткен облусу боюнча Чөлкөмдүк башкармалыктын өкүлдөрү чыр чыккан жерге келишти. Сүйлөшүүлөрдөн кийин өзбек чек арачылары тартып алынган куралды кайтарып беришти. Кыргыз тарап өзбекстандык чек арачылар менен жолугушуу өткөрүшүп, окуяны биргеликте иликтөө демилгесин көтөрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
muslimkg
2013-11-13 09:15:17
Жанторо мырза Мелис мырсага согуш жарыялабай,жогор жакта олтургандарга согуш жарыяласаныз болмок,чек араны бир жагсын кылбайсынарбы деп
+3
bosmos7
2013-11-13 09:28:44
muslimkg, А жок .Москового кетип калган 1 жумага не болду ? Оррубай баарын, такаламыш болуп отурган турган.
0
Aidai2010
2013-11-13 09:18:02
Кыргыздарды кордоп, кайра кайра провокация кылып бутту го булар, Каримов атанат омур бою жашабайт!!!
0
ilgez
2013-11-14 22:29:27
Aidai2010, аз калды каримовго, уже ич ара урушу башталган
0
future_kg
2013-11-13 09:31:44
Ай сайын олуттуу бир койгой жаралат,аны чондор укпайт корбойт оокшойт дейм ! Кыргызстандын борборун баткенге же ошко жылдырыш керек. Ошондо гана чечилет бул койгой! Бишкек бизнес центр кана болуп, митинг жана мародерстводон коркпой ишкерлер иштей берет!
+1
Aidai2010
2013-11-13 09:55:26
future_kg, Борборду которгон эч жыйынтык алып келбейт, озбектер булар жакын келди деп коркуп калбайт, бир гана бизге мындай мамиле жасабай, таджиктерди канда
0
Aidai2010
2013-11-13 09:56:21
Aidai2010, кандай гана кыйнашпайт, аны чет элдик ММКларды жазып эле жатышат, окуп жургондор билет.
0
zilish_kg
2013-11-13 09:56:34
future_kg, 100 пайыз кошулам!
0
nukura_kyrgyz
2013-11-13 09:51:40
ш..... биз кыргыз эли ада болдук
0
Aviator
2013-11-13 11:23:59
Чек арага тикен зым тартмайынча бул ызы чуулар боло берет. Биздин аткаминер силер билмексен болуп отура бергиле.
+1
admin_superstan
2013-11-13 11:43:20
kaytmas, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Эскертүү!
0
mekenchil_jigit
2013-11-13 13:57:00
Чек араны бузгандарды аесуз атып салуу керек. Мына ошондо коншу эл ойлонуп иш кылат. А ушундай ишти жасаган чек арачыларга сыйлык берип колдоо керек бардык чек арачылардын духу которулуп коркпой иш алып барышат
+1
Begim_4
2013-11-13 15:03:47
Эмне учун атышпайт качканга жол бербей атып салуу керек эле озбек чек арачылары болгондо ошол жерден атып олтурмок
+1
aitowa11
2013-11-13 17:16:59
Кантип дамасын чукул буруп качып кеткен тутса болмок. Сохко киргизе койбой кармаш керек болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан