Бишкекте 28 жаштагы жаран көпүрөдөн боюн таштоого аракет кылды (фото)

Бишкекте кечээ, 7-ноябрь күнү кечинде 28 жаштагы жаран көпүрөдөн боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

102 кызматына Алматы көчөсүндө жайгашкан көпүрөдөн белгисиз жаран секирүүгө аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1993-жылы туулган Б.А. аттуу жаран көпүрөдөн өзүн таштоого аракет кылып жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери секирүүгө аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышкан", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Кийин бул жаранды Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирип, туугандарын чыкырып, өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dastanali
2021-11-08 13:55:38
Сүрөткө жакшы түшүпсүңөр, молодец
+3
Simels
2021-11-08 14:31:41
Мода болуп кеттиго, өлгүсү келген жеңил ойлуулар үйүңөрдө жатып өлө бергиле, элдерди кошо дүрбөтпөй!
+6
Gold81
2021-11-08 14:59:43
Озун олтуром деген мода болуп кетти окшойт! Тим койгула бойун таштайбы асынып алабы озунун шору. Алып барып комуп койушат болду унутулат олгондун озунун шору дегендей!!!
+6
nazira...
2021-11-08 18:06:50
Өзүн өзү өлтүрөм дегендерге өзүнчө бир статья чыгара боло турган болуп калды окшойт.
+2
Asmat84
2021-11-09 10:34:26
Кудайга тообо кылдым. Булар боюн таштаарда элге жарыя кылышабы? Эл журт мен боюмду таштайм, сүрөткө тарткыла,видеого тарткыла,ментерди чакыргыла,тез жардам чакыргыла куткарсанар куткаргыла болбосо таштабай коём, деп жарыя кылышабы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан