Казакстандын Актау шаарындагы кафеде болгон жарылуудан 11 автоунаа жабыркады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кайгуул кызматы эвакуатордун жардамы менен үч жеңил унааны эвакуациялаган. Калган сегиз унаанын ээлерин аныктоо иштери жүрүп жатат.
Кырсык кечээ, 7-ноябрь күнү саат 22:25те болгон. Кырсыктан жабыркагандар жок. Жарылуу болгон учурда кафеде кызматкерлер жана коноктор болгон эмес. Жарылуу газ баллондон улам келип чыкканы айтылууда.