Биз социалдык тармакта

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Түндүк электр": "5 киловаттан ашырбай колдонсо электр жарыгы өчпөйт"

"ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, электр жарыгы эсептегичтен автоматтык түрдө өчүп калып жатканын айткан. Ошондой эле мындай жагдайды жөнгө салуунун айласы барбы деп суроо салган.

Бул маселе боюнча "Түндүк электр" ишканасына байланышканыбызда, электр энергиясын колдонууда лимит киргизилгенин айтып, жарандарды энергияны үнөмдүү пайдаланууга чакырды.

"Лимитти ашырбай колдонуу керек. 5 киловаттан ашырбай колдонсоңуз электр жарыгы өчпөйт. Мисалы, электр менен иштей турган ар бир техника кайсы бир көлөмдө энергиянын сарптайт. Бир эле убакта бир топ техникаларды электр энергиясына кошкондо 5 киловаттан ашып кетсе, акылдуу эсептегичте жарык автоматтык түрдө өчүрүлүп калат. Ал эми өчкөн убакта акылдуу эсептегичтен күйгүзүп алса болот", - деп билдиришти мекемеден.

Маалымат үчүн:

Буга чейин бир фазалуу колдонуучуларга 5 киловаттык, ал эми үч фазалууларга 10 киловаттык чектөө коюлду. Мындан улам чектөөдөн ашкан колдонуучуларда электр кубаты автоматтык түрдө өчөт.

Ал эми бардык пайда болгон суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

0772 001209

0702 001209

0556 001209

Белгилей кетсек, "Түндүк электр" Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alinsan
2021-11-08 17:19:11
5кв азбы дейм, кышта плита саят, тамак бышырат дегендей
+2
alinsan
2021-11-08 17:26:26
эми албетте элге да кыйын, мамлекетке да кыйын сууну коруп атабыз, бири бирибизди тушунуп, болушунча экономдоп иштетишибиз керек, "Жогору тартсан огуз олот, ылдый тартсан араба сынат" дегендей заман болуп атат
+3
aksy.1989
2021-11-08 17:39:07
Урматту кыргыздын депутат министрлери кайсы бетинер менен биз толоп жаткан салыктын эсебинен жашап жатасынар анда жайдын камын кышта кыштын камын жайда кор дейт силер ошону кылат свет очпойт кыргыздын жерин бироо басып кирбейт деп шайлаганбыз ары-бери саякаттап ойноп кулсун деп шайлаган эмеспиз суу аз топтолду деген бул шылтоо да Эми силерге ар бир министрликте ушунун алдын алып иштейсинер да азыркыдай акыбалды 11-класстын деле окуучусу башкара берет ушундай болуп калды деп чыдагыла суу аз деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан