Сүлүктү шаарындагы шахталардын биринде 2 адам газга ууланган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-ноябрда ӨКМга Сүлүктү шаарында шахталардын бири урап түшкөндүгү жана ичинде адамдар калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине ӨКМдан 6 куткаруучу тартылган, анда шахта урабай эле ичинде 2 эркек киши тосмо орнотуп жатып газга уулангандыгы тастыкталды.
Куткаруучулар ууланган 2 адамды чыгарууга жардам беришкен. Учурда абалдары жакшы.