Москва районундагы көп кабаттуу үйдүн короосунда машыгуу өткөрүп жаткан 6 балбанды полиция кызматкерлери адашып кармап кетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мушташ тууралуу полицияга жергиликтүү жашоочулар кабарлашкан. Алардын айтымында, өспүрүмдөр короодо мушташкан. Полиция кызматкерлери дароо эле келип, 6 өспүрүмдү кармап кетишкен.
Бөлүмгө барганда өспүрүмдөр бири-бирин тааный тургандыгын, жөн гана машыгуу өткөрүп жатканын айтышкан. Бардык спортчулар ата-энелерине өткөрүлүп берилип, полиция текшерүү жүргүзүүнү чечкен.