Индияда полиция кызматкери 7 кесиптешине ок чыгарып, анын төртөө каза болду

Индиянын борбордук резервдеги полиция кызматкери Ритеш Ранжан дүйшөмбүгө караган түнү өзүнүн жети кесиптешине ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Сукма аймагындагы Лингалапалли айылында болгон. Ранжан жети кесиптешине ок чыгарган. Анын төртөө каза болуп, дагы үчөө жарадар болуп, мамлекеттик ооруканага жеткирилген. Ок атуунун так себеби аныктала элек, иликтөө иштери уланууда. Ок чыгарган полиция кызматкери эмоционалдык стресске кабылган деп божомолдонуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан