Өлкөдө эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
"Ал эми республиканын алыскы аймактарында эл каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт", - деп айтылат Статкомдун маалыматында.
Эскертүү: Эл жана турак жай фондун каттоо биринчи жолу мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта өткөрүлөт.
Эл каттоонун негизги максаты – калктын саны, жайгаштырылышы жөнүндө дарек алуу. Эл каттоо кыска мөөнөттө – бир нече күн же жумада өткөрүлөт.