
WhatsApp мессенжерин эми телефонго байлабастан компьютерде колдонууга болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, WhatsApp мессенжеринин жаңы бета версиясы каалаган колдонуучуга жеткиликтүү. Тестке катышуу сунушу тиркеме WhatsAppтын рабочий версиясы менен синхрондоштуруудан кийин пайда болот. Колдонуучу жаңы функцияны колдонгондон кийин ээсинин смартфону бузулуп калса дагы WhatsApp'ка кирүү үчүн кайра авторизациялоонун кереги жок болот.