"Францияда шайлоо фондуна акча каражаттарын төккөн адамдардын ачык маалыматтары жок" дейт Европа парламентинин депутаты Тьерри Мариани

Борбордук шайлоо комиссиясынын Нуржан Шайлдабекова Европа парламентинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Монголия менен достук тобунун төрагасы Фульвио Мартушелло жана ушул топтун мүчөсү Тьерри Мариани менен жолугушту. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шайлдабекова Кыргыз мамлекетиндеги шайлоо процесси тууралуу маалымат берип, 28-ноябрда дайындалган парламенттик шайлоо өлкөдөгү саясатты турукташтыруунун аяктоочу этабы болуп саналат
деп белгиледи.

Парламентти шайлоо тартибин караган учурда БШК тарабынан шайлоонун демократиялык стандарттарын сактоого багытталган, анын ичинде шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө тийиштүү чаралар сунушталды. Шайлоонун аралаш тутумунун милдети – өлкөнү өнүктүрүүнүн ушул этабында маанилүү болуп саналган парламенттин өкүлчүлүктүү ролун күчөтүү. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 36 депутатты шайлоо парламентте региондордун өкүлчүлүгүн камсыздоо, партиялык тизме боюнча 54 депутатты шайлоо саясий, социалдык топтордун өкүлчүлүгүн камсыздоо милдетин аткарат. Мында партиялар депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүчү субъект болот жана аялдардын, жаштардын, этностук азчылыктын жана майыптыгы бар адамдардын өкүлчүлүгүн камсыздоого тийиш. Партия добуш берүүнүн натыйжасында 27 мандаттан ашпаган мандат алышы мүмкүн.

“Силер Франциядан өтүп кетиптирсиңер, Францияда парламенттин депутаттыгына талапкердин шайлоо күрөөсүнө акча каражаттарын төккөн адамдардын ачык маалыматтары жок”, - деди Европа парламентинин депутаты Тьерри Мариани.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан