Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили абактын ооруканасына которулду

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили абактын ооруканасына которулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Буга чейин анын жактоочусу саясатчынын ден соолугунда олуттуу начарлоо байкала баштаганын айткан.

"Өзгөчө ал адамдар менен баарлашууда жана эске тутууда көйгөйлөргө дуушар болгон. Башкача айтканда, айрым адамдардын аттарын эстей албай калып жатат. Сүйлөшүү учурунда кээ бир жакын досторун да эстей албай жатканы байкалууда", - деген ал.

Эске салсак, Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Ага бир канча жыл мурун өлтүрүлгөн Сандро Гиргвлиани аттуу банк кызматкеринин иши боюнча айып тагылууда. Саясатчы абакта ачкачылык жарыялаганы белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baha.Kyrgyzstan
2021-11-09 12:33:25
Грузиндерде да бар окшойт камаганда ооруп калган адат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан