Боомдо көмүр ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа кырсыкка кабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"7-ноябрда түш ченде Боом капчыгайынын 127-чакырымында көмүр ташып бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып бетонду сүзгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок", - деп билдиришти атайын кызматтан.