Обончу, композитор, дирижёр Сардарбек Жумалиевдин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашкандай, иш-чара 8-ноябрда өттү. Мааракеге мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министр Азамат Жаманкулов, коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.
Сардарбек Жумалиев Кант районунун Жар-Башы айылында 1941-жылы 5-февралда туулган.
Башталгыч мектепти айылдан окуп, 1955-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын алдындагы балдардын музыкалык мектебинин комуз классын бүтүрүп, 1959–1962-жылдары ошол эле окуу жайдын музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.
Ал 17 жашында 1958-жылы Москвада өткөн Кыргыз ССРинин маданиятынын жана адабиятынын күндөрүнүн 2-декадасына катышкан.
Эмгек жолун 1959-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайында окуп жүргөн кезинде эле Кыргыз мамлекеттик филармониясында эл аспаптар оркестринде артист-музыкант болуп иштөөдөн баштап, 1964–1967-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн.
1968–1972-жылдары туңгуч кыргыз эстрадалык ансамблинде солист-аспапчы болуп иштеген.
1972–1975-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун 2 жылдык даярдоо курсунда теориялык-композитордук факультетинде композиция боюнча профессор Мукаш Абдраевден, профессор Калый Молдобасановдон, факультативдик-дирижёрлук боюнча профессор Насыр Давлесовдон окуган.
1975–1977-жылдары Республикалык эл чыгармачыл үйүндө музыкалык редактор болуп эмгектенген.
1977-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижёру болуп эмгектенип келет.
Ал 1987-жылы Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1990-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлык, 1990-жылы Эмгектин ардагери медалы, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын, 2007-жылы Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалы, 2007-жылы эл аралык "Руханият" ассоциациясынын сыйлыгын жана III даражадагы "Манас" орденинин кавалери наамын алган.