Бишкекте жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ӨКМнын басма сөз катчысы билдирди.
"Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаарынын Турусбеков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жеңил унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 09:00дө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 09:14тө чектөөгө алынып, саат 09:16да толук өчүрүлдү", - деп билдиришти министрликтен.