Биз социалдык тармакта

Жаңы керебеттер коюлуп... Лейлектеги абалы "мышык ыйлагыдай" оорукана оңдолууда

Эсиңизде болсо буга чейин социалдык тармактарда Лейлек районундагы оорукана деген сүрөттөр талкуу жаратып, көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан. Андан соң аталган оорукана Лейлек районундагы Исфана шаарында жайгашканы жазылган. Учурда ал оорукана оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Лейлек райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Алимкул Абдиевге байланышканыбызда айтты.

"Ооруканада оңдоп-түзөө иштери аягына чыгайын деп калды, 898 миң сомго чатырын алмаштырдык, 492 миң сомго жаңы трансформатор орноттук. Ошондой эле имараттын ичин оңдоп-түзөөгө керектүү материалдарды 70 миң сомго сатып алдык", - деп билдирди Абдиев.

Белгилей кетсек, аталган оорукана боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирүү таратып, 2020-жылы COVID-19 пандемиясына байланыштуу эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөгөнүн айтышкан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
leilekstan_1987
2021-11-09 17:22:22
Эшекке алтын куржун жапсан.да эшек бойдон калат. Ал зданянын эскилиги жеткен аран турат.
+5
zam81
2021-11-09 17:29:28
Ак сыр менен акиташка ушунча акча кетти
+5
Mirbek02
2021-11-09 17:32:55
Жееп жеп жарылып дагы олбойт экен булар.898миң сом 900миң сомго чатырын алмаштырдык дейсинер уят.уят.кетсе кеткендир ашып кетсе 400 500 миң кеткендир ошол 1.5 2 млн жаңы эле кичиней болсо да оорукана салганда болот эле уят уят жана УЯТ
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан