"Досу токмоктогондон кийин эч нерсе билбей калганын айткан". Ноокатта 29 жаштагы жаран айылдаштары тарабынан сабалды

Ош облусунун Ноокат районунда 29 жаштагы жаран айылдаштары тарабынан сабалды. Маалыматты аталган облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташып, окуя 7-ноябрда катталганын билдиришти.

Ал эми укук коргоочуларга билдирүү 8-ноябрда саат 12:20 чамасында аймактык ооруканадан келип түшкөн. Анда Чеч-Дөбө айылынын 1992-жылы туулган Т. уулу М. аттуу тургуну денесинен жаракат алгандыгы кабарланган.

"Т. уулу М. алгачкы териштирүүнүн жүрүшүндө 7-ноябрь күнү болжол менен саат 12:00 чамасында өзүнүн айылдаш достору менен Жаңы-Базар айылында спирт ичимдигин ичкенин айткан. Алар бир досунун сүйлөшкөн кызына Ош шаарына барышкан. Андан кийин Т. уулу М. Кожо-Келең айылындагы өзүнүн сүйлөшкөн кызына жолугуу үчүн бара жатканда жанында отурган досу бетине муштуму менен урганын, андан кийин эмне болгондугун эстей албагандыгын билдирип көрсөтмө берген".

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берененин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Т. уулу М`нын алган жаракатынын деңгээлин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ошондой эле жабырлануучунун досторунун ортосунда келип чыккан чыр-чатак парламенттик шайлоого тиешеси жок экендиги аныкталды. Андан сырткары алардын бир мандаттуу же кайсы бир саясий партиядан талапкерлердин үгүттөөчүсү болуп катталган же катталбагандыгын тактоо максатында тийиштүү шайлоо комиссиясына жана штабдарга каттар берилди.

Бул окуя боюнча жабырлануучунун досторунун жүргөн жерин аныктоо боюнча атайын тергөө тапшырмалары берилди. Азыркы учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешет башкармалыктын басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан