Индиянын Тамилнад штатында нөшөрлөп жааган жаандан 60тан ашык үй жарым-жартылай талкаланып, эки күндүн ичинде кеминде төрт адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Тамилнад штатында катуу нөшөрлөгөн жамгыр бир нече күндөн бери токтобой жатат.
Индиянын табигый кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча улуттук кызматы Тамилнад жана Андхра-Прадеш штатына 20 куткаруучу топту жайгаштырган. Анткени 11-ноябрга чейин эки штатта тең жамгырдын катуу жаашы күтүлүүдө.