Индиянын Мадхья-Прадеш штатындагы Бхопал шаарында жайгашкан оорукананын биринде өрт чыгып, 3 наристе каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-ноябрда аталган аймактагы оорукананын балдар бөлүмүндө өрт чыккан. Тилсиз жоонун кесепетинен 3 наристе каза тапты.
"Өрт өчүрүүчүлөр өрттү чектөөгө алышты. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ал эми окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.